26-сентябрда Бишкектин бир катар көчөлөрү маалы менен жабылат

26-сентябрда Бишкектин бир катар көчөлөрү маалы менен жабылат.

Мэриядан билдиришкендей, Ушул жекшемби эртең мененки саат 7ден 10го чейин

Чүй, Манас, Айтматов проспектилери жана Абдырахманов, Иманалиев, Горький,

Масалиев, Ахунбаев, Москва, Тоголок Молдо, Орозбеков, Абдымомунов

көчөлөрүнүн бир бөлүгү 20 мүнөттөн маалы менен кыймылга жабылып турат.

Чектөөлөр эл аралык жарым марафондун өткөнүнө байланыштуу.