28-март жалпы республикалык бак отургузуу күнү.
Өкмөттөгү парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов билдиргендей,
бул күнү бардык кыргызстандыктар дарактарды өзүнүн аймагына,
көчөлөргө отургузса болот. Анын жол-жобосу жергиликтүү бийлик
тарабынан аныкталат. Белгилей кетсек, бак отургузуу күнү дүйнөдөгү
бир катар өлкөлөрдө белгиленет. Мисалы, Россия,
Казакстан жана Кытайда бул күн өзүнчө майрам.