Америкалык актер Том Хэнкс короновируска кабылды.
Ал Twitter баракчасы аркылуу билдиргендей, жубайы экөө тапшырган тест
вирус бар экендигин көрсөттү. Актер учурда Австралияда. Том Хэнкс
кино сүйүүчүлөргө «Алп», «Гудзондогу сыйкыр» «Форрест Гамп»,
«Катардагы Райанды сактоо», «Жашыл миля» жана башка тасмалары
менен таанымал. Кошумчаласак, дүйнөнүн 120 өлкөсүндө катталган
вируска 130 миңге жакын адам чалдыгып, каза тапкандар 5 миңге чукул.