Өлкөдөгү бардык соода түйүндөр 31-майга чейин POS-терминалдарды орнотуусу керек.
Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, банктык төлөм карталарын же электрондук акчаларды колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдууларды орнотпогондорго 1000 сомдон 5 миң сомго чейин айып пул каралган.
Мекеме санариптештирүү шартында накталай эмес төлөм формасына өтүү ишкерлер үчүн да, керектөөчүлөргө пайдалуу деп эсептейт.