Эртең христиан элинин Пасха майрамы белгиленет.
Бул күндү майрамдоо Бишкектеги борбордук чиркөөдө бүгүн түндө башталат.
Анда шам жагуу сыяктуу диний ырым-жырымдар, сыйынуулар, Иса машаякты мактаган сөздөр жана осуяттар айтылат.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 40тан ашуун православ чиркөөсү бар.
Өлкөдө христиан динин туткандар жалпы элдин 16 пайызын түзөт.