Кыргызстанда бүгүн контролдук калкты каттоо башталды.
Өнөктүк 2-майга чейин алыскы райондордогу эл каттоо менен биргеликте өтөт.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, маалымат өлкө жарандары тууралуу так статистиканы чыгаруу үчүн талап кылынат.
Эске салсак, калкты жана турак-жай фондун каттоонун биринчи этабы 24-марттан 3-апрелге чейин өткөн.
Бирок анын алкагында басымдуу кыргызстандыктар ар кандай себептер менен каттоого алынбай калганы белгилүү болду.