Бишкек мэриясы 9-кичирайондогу скверди оңдоп-түзөө ниетинде.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, шаардык кызматтарга
эс алуу жайынын эскиздик вариантын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Ошондой эле Сүйөркулов көчөсүндөгү ирригациялык тармак алмаштырылат,
ал эми Саманчин тилкесиндеги чуңкурлар оңдоп-түзөөдөн өтөт.