440 мектептеги ысык тамакка бөлүнгөн азык-түлүк окуучуларга таратылып жатат.
Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирет. Маалыматка караганда,
ведомство америкалык уюм менен биргеликте пайдаланылбай калган
азык-түлүктөрдү башталгыч класстын окуучуларына таратууда.
Анда буурчак, күрүч, өсүмдүк майы жана ун бар. Эске салсак,
буга чейин мектептеги тамак-ашка бөлүнгөн
116 тонна ун да окуучуларга таратылды.