Кыргызстанда жыл башынан бери 6 миллион 637 миң жаран жашайт.
Улуттук банктан билдиришкендей, туруктуу калктын 3/1 бөлүгү шаарларда жана
3/2 бөлүгү айыл жергесинде жашайт. Кыргызстандыктардын жарымынан көбү
ишке жарамдуу куракта жана 8 пайызы ишке жарамдуу курактан өткөндөр.
Кошумчаласак, калктын жалпы санынын 35 пайызын балдар жана өспүрүмдөр түзөт.