Кыргызстан эл аралык каттамдарды убактылуу токтотту

Кыргызстан эл аралык каттамдарды убактылуу токтотту.

Мындай чечимди коронавирусту алдын алуучу республикалык штаб кабыл алды.

Ага ылайык, бүгүнтөн тарта Бишкек жана Ош шаарларынан учуучу бардык

эл аралык каттамдар токтойт. Бирок Москва — Бишкек, Москва — Ош,

Новосибирск — Бишкек багытындагы каттамдарга жумасына бир жолудан

учуп-конууга уруксат берилди. Буга жүк ташуулар жана айрым аба каттамдары кирет.