Кыргызстанда күйүүчү май 1,5-2 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда күйүүчү май 1,5-2 пайызга кымбаттады.

“Мунай ташуучулар” ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов “Азаттыкка” билдиргендей,

күйүүчү май Россиядан өкмөт аралык келишимге ылайык, төлөмдөрсүз алынып келген.

Бирок учурда жыл аяктап калганына байланыштуу анын лимити аягына чыкты.

Баалардын жогорулашына ушул фактор жана доллардын кымбаттаганы себеп.

Эшатов белгилегендей, баалар өлкөнүн аймактарына жеткирүү акысына жараша түрдүү болот.

Эске салсак, Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы марттан тартып арзандай баштаган.

Баалар былтыркыга салыштырмалуу 10-12 сомго төмөндөгөн.