Бишкекте тышкы жарнама жайгаштыруу эрежеси өзгөрдү

Бишкекте тышкы жарнама жайгаштыруу эрежеси өзгөрдү.

Аны шаардык кеңеш кабыл алды, мыйзам ушул айдан баштап

күчүнө кирди. Мэриянын маалыматына ылайык, “Бишкек жарнама”

муниципалдык ишканасы түзүлдү. Эми ишкана ээлери конструкцияларды

орнотуу боюнча тиешелүү документтери менен аталган ишкананын

реестрине катталууга тийиш. Жарандар кошумча суроолору менен

муниципалитетке байланышка чыкса болот.