Ордо калаадагы аз камсыздалган жарандарга көмүрдүн ордуна акчалай жардам берилүүдө
Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан novosti.kgге билдиришкендей,
ар бир үй-бүлөгө 5 миң 700 сомдон каралган. Бул суммага болжолдуу түрдө 1,5 тонна кара отун сатып алса болот.
Акча почта бөлүмдөрүндө жана банк аркылуу накталайсыз түрдө төлөнүүдө.
Калаа бийлигинде жалпысынан мындай 3 миң 401 үй-бүлө катталды.
Бүгүнкү күнгө карата муктаж жарандардын 96 пайызы акчага ээ болду.
Бул максатта жергиликтүү бюджеттен 21,5 миллион сом каралган.