Аймак аралык коомдук унаалар текшерилүүдө.
Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган айдоочуларга 201 миң сом
айып салынды, — дешти Унаа жана жолдор министрлигинен. Маалыматка караганда,
республика боюнча 2 миң 816 унаа текшерилди. Айыптарды чегерүү ведомство
жана санитардык-эпидемиологиялык түйүн аркылуу жүргүзүлүп жатат.