Бишкекте ысык суу 1-июлдан тартып бериле баштайт.
Мэриянын маалыматына ылайык, учурда күзгү-кышкы сезонго карата
ремонттук иштер жүрүп жатат. Мындан улам батир жашоочулары да
түтүктөрдү текшерип койсо ашыкча болбойт. Эске салсак, ордо калаада
ысык суу жыл сайын аткарылчу профилактикалык иштер үчүн 1-июнда өчүрүлгөн.