“Ак-Жол” өткөрмө бекетинде убактылуу чектөө киргизилет.
УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей эртең, 30-мартта таңкы саат 8ден түшкү 12ге чейин аталган көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу адамдар, транспорт каражаттары жана жүктөр өткөрүлбөйт.
Мунун себеби “Ак-Жол” пунктундагы оңдоо иштерине байланыштуу.
Зарыл болгон учурда жарандар жана транспорт каражаттарынын айдоочулары Чүй облусунун аймагындагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын башка көзөмөл-өткөрүү жайлары аркылуу өтө алышат, — деп айтылат маалыматта.