Кыргызстанда жыл ичинде жумушу жок жарандардын саны көбөйдү

Кыргызстанда жыл ичинде жумушу жок жарандардын саны көбөйдү.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл апрелге карата

мамлекеттик жумушка орноштуруу органдарында жумуш издеп каттоодо

тургандардын саны 102 миң 600 адамды түздү. Көрсөткүч былтыркы

жылдын ушул эле мөөнөтүнө салыштырмалуу 5,3 пайызга көп.

Ал эми жумушсуз катары катталгандардын саны — 79 миңди түздү.

Белгилеп кетсек, иши жок жүргөндөрдүн көбү эркектер.