Бишкекте башаламан унаа токтотуучу жайлар алынды

Бишкекте башаламан унаа токтотуучу жайлар алынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине жалпы узундугу 170 метр болгон бордюр орнотулду.

Ошондой эле Чүй проспектисинин боюндагы зергер дүкөнүнүн маңдайына да 20 метрди түзгөн бордюр коюлду.

Буга чейин бул аймактарда башаламан унаа токтотуучу жай болгондуктан, тыгын пайда болуп келген.

Бошотулган муниципалдык аймакка газон же жандуу тосмо отургузуу пландалууда.