Кыргызстанда кассалык аппараттарды колдонуу үчүн ишканалардын жүгүртүү босогосу эки эсе көтөрүлөт – 8 миллион сомдон 16 миллион сомго чейин

Кыргызстанда кассалык аппараттарды колдонуу үчүн ишканалардын жүгүртүү босогосу эки эсе көтөрүлөт – 8 миллион сомдон 16 миллион сомго чейин. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

 

Анын айтымында, ишканалар жылдык жүгүртүүсү 16 миллион сомдон ашкан учурда гана 2 пайыз салык төлөйт.

 

Бир гана ири дүкөн жана ишканалар салык төлөп калат, калгандары бошотулат, — деди министр. Ал кошумчалагандай, кассалык-көзөмөл аппараттарынын отчету акциз товарларына гана талап кылынат.