АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Америкадагы шайлоодон кийинки кыргызстандыктар үчүн
визалык чектөөлөр тууралуу айтып берди. Добуш берүүдө ким жеңишке жеткенине карабастан
Вашингтон визалык чектөөлөрдү алуу маселелерин карайт, — деп билдирет Лу. Бул Кырызстанда
коопсуз биометрикалык паспорттордун иши аяктап жатканына байланыштуу. Эске салсак,
жыл башында дипломат кыргызстандыктар АКШга кирүү үчүн визалык чектөөлөр
коопсуздук документтери жок болгонуна байланыштуу экенин билдирген.