Бишкекте “Электрондук билеттештирүү” долбоору толук кандуу ишке мартта кирип калышы күтүлөт

Бишкекте “Электрондук билеттештирүү” долбоору толук кандуу ишке мартта кирип калышы күтүлөт. Бул тууралуу бизге “Бишкек жүргүнчү автотранспорту” ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков билдирди.

 

Анын айтымында, февраль ичинде электрондук карталардын бардыгы чыгарылып, жарандарга тапшырылат. Долбоордун сыноо режими мартта соңуна чыгып, ал ишке кирип калат, — деди Койчубаков. Белгилеп кетсек, карталардын 3 түрү жеткиликтүү болот – социалдык, жалпы жана окуучуларга арналган.