Сузак районуна чектөөлөр киргизилди.
Коомдук тамактануучу жайлар, кафе-ресторандардын иши кечки саат 6дан тартып токтотулат.
Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, мындай чечим райондук штаб тарабынан кабыл алынды.
Тыюу салууларга карабай массалык иш-чараларды өткөргөндөргө мыйзам чегинде иш козголот.
Көзөмөлдөө иши жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жүктөлдү.