АКШнын Орегон штатындагы токойдо өрт чыкты.
Жүздөгөн турак-жайлар жараксыз абалда. Каза тапкандар тууралуу азырынча маалымат жок.
Губернатор Кейт Браун билдиргендей, учурда куткаруучулар тилсиз жоо менен күрөшүп жатат.
Эске салсак, штатта 7-сентябрда өрт тутанып, катуу шамалдан улам тез жайыла баштаган.
Учурда 5 шаарда куткаруу иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, быйыл Калифорнияда 2,5 миллион гектар токой өрттөндү.
Аталган аймакта он миңден ашык кызматкер иштеп жатат.