Кафе-ресторандарга 100 кишиге чейин кардарды кабыл алууга уруксат берилиши мүмкүн

Кафе-ресторандарга 100 кишиге чейин кардарды кабыл алууга уруксат берилиши мүмкүн. Тиешелүү чечими Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунушу менен Республикалык штаб кабыл алышы керек.

 

Эске салсак, штаб 19-августта министрликке отура турчу жерлерди 50дөн 100гө чейин көбөйтүп, соода борборлорунда тамактануучу жерлерди ачуу сунушталган. Ошондой эле, ведомствого спорттук турнирлерди таза абада өткөрүү вариантын карап көрүү тапшырылган.