Вакцина ойлоп табылмайынча коронавирус жоголбойт

Вакцина иштелип чыкмайынча коронавирус жоголбойт. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысынын атайын өкүлү Дэвид Набарро билдирген.

 

«Бул сасык тумоо сыяктуу бирде күчөп, бирде басаңдап калчу вирус эмес. Биздин оюбуз боюнча, бул вирус адам баласынын артынан көп убакыт бою жүрөт. Мындан улам бизди андан коргоочу вакцинаны иштеп чыгышыбыз зарыл», — деп билдирген Набарро.

Ошондой ал ар бир өлкө вирустан коргоочу механизм иштеп чыгуусу зарыл экенин билдирген. Аталган механизм өз учурунда ооругандарды изоляцияга алып, ооруну жайылуусун алдын алат.

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коомчулукка жакында корнавирус менен күрөшүүнүн жаңы жолдорун сунуштайт. Анда коронавирустан катталып жаткан өлүмдөрдүн санын азайтуу, бейтаптарды эффективдүү дарылоо жана илдеттин жайылуусун алдын алуу тууралуу айтылат.