АКШнын тургунуна жоголгон жүгүн төрт жылдан кийин кайтарып беришти

АКШнын тургунуна жоголгон жүгүн төрт жылдан кийин кайтарып беришти.

Америкалык аял 2018-жылы Чикаго аэропортунда чемоданын жоготуп алган.

Ал буюмун кайтарып алууга бир топ аракет кылганына карабай майнап чыккан эмес.

Бирок жакында авиакомпаниянын өкүлдөрү аны менен байланышып, чемодан кандайдыр бир жол менен Гондураска түшүп калганын айтышкан.

Ал эми америкалык бул өлкөгө эч качан барган эмес.

Белгилүү болгондой, анын бардык буюмдары аман-эсен өзүнө кайтарылды.