Дүйнөдө алгачкы ирет Кубада жергиликтүү Abdala жана Soberana препараттары менен эки жаштан жогорку балдарды эмдөө башталды

Дүйнөдө алгачкы ирет Кубада жергиликтүү Abdala жана Soberana препараттары менен

эки жаштан жогорку балдарды эмдөө башталды. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо

уюму эки вакцинаны тең расмий каттай элек. Белгилеп кетсек, пандемиядан улам

мектептер 2020-жылдын мартынан бери жабык. Учурда көпчүлүк кубалыктарга

интернет жеткиликтүү эмес болгондуктан сабактар сыналгыдан көрсөтүлөт.

Буга байланыштуу Куба бийлиги мектептерди октябрда балдар толук эмдөөдөн

өткөндөн кийин ачуу ниетинде. Адистер белгилегендей, Куба башка

өлкөлөрдөн вакцина албайт. Иликтөөлөрдө аталган вакциналар натыйжалуу болду.