Индияда карантин эрежесин бузган 30дан ашуун кыргыз жараны камакта отурат

Индияда 30га жакын кыргыз жараны камакта отурат. Бул маалыматты «Азаттыкка» Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тастыктады.

Алар коронавируска каршы карантин эрежелерин бузган деген негизде кармалганы анык болду.

 

Буга чейин Кыргызстандын Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабы бүгүнкү күндө чет жакта жүргөн кыргыз жарандарынын арасында вируска чалдыккандардын жалпы саны 154 адам экенин кабарлаган.

 

Алардын жетөө Индияда катталганын, жетөөнүн бирөө каза болуп, алтоо айыгып чыкканын билдирген.

 

Март айында Индиянын маалымат каражаттары Бихар штатына караштуу Патна деген шаарда кыргызстандык 10 жаран кармалып, COVID-19 вирусуна байланыштуу текшерүүгө жөнөтүлгөнүн жазып чыккан. Жергиликтүү мечитте жашынып жаткан бул жарандарды полиция тапканы айтылган.

 

Индия, Пакистан өлкөлөрүнө Кыргызстандан «Таблиги жамаат» кыймылынын мүчөлөрү даават кылыш үчүн барышат.

Индиянын бийлиги коронавируска чалдыккандардын көбөйүшүнө «Таблиги жамаат» кыймылынын март айындагы чоң жыйындары себеп болгонун билдирген.

Индияда 22-майга карата коронавирус 118 миң адамдан табылды, алардын 3583ү каза болду.

 

Вируска байланыштуу 17-майга чейин бул өлкөдө «жалпы элдик коменданттык саат» жарыяланып, эрежени бузгандар камакка алынган. Баш ийбеген туристтерди полиция жазуу түрүндө кечирим суратканы тууралуу маалымат Интернетке чыккан.