Кыргызстанда бир катар мектептер кайрадан онлайн окутууга өтүп, бала бакчалар жабылды.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, бүгүнтөн тарта Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарындагы айрым мектептер аралыктан окутууга өтүп, кээ бир бала бакчалар жабылды.
Мындай чечим санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык кабыл алынды.
Буга чейин катуу сууктан улам Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мектептер онлайн форматка өткөрүлгөнү кабарланган.
Ал эми Майлуу-Суу шаарынын мектептери киргизилген өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу онлайн окуп жатышат.