Аксы окуясынын курмандыктары эскерилди

Бүгүн, 17-мартта Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылдагы коогалаңда каза болгондор эскерилди.

Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, райондун акими Замирбек Сыдыков, Жалал-Абад облустук мусулмандар казысы Нематулла Аажы Жээнбеков жана каза болгондордун жакындары, айылдаштары катышты.

Иш чарада сөз сүйлөгөн облус жетекчиси Аксы окуясы өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолунда адилетсиздикке каршы жалпы элдик көтөрүлүштүн башаты катары бааланарын белгиледи. Ыйгарым укуктуу өкүл өлкө бүтүндүгү, элдин эркиндиги үчүн өз жанын аябаган аксылыктардын эрдиги эч качан унутулбасын айтты.

Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө маркумдардын элесине арналып куран окулду.

2002-жылдын 17-мартында орун алган коогалаңда Аксыда 6 киши окко учкан.