Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Медеров, Тыныстанов, Фучик, Саадаев, Орозбеков, Баялинов, Курманжан Датка, Исакеев көчөлөрүндө жана Ак-Босого, Ак-Өргө, Кара-Жыгач конуштарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.