Бишкекте жер мунапысы боюнча 486 адамдын документинде оң чечим кабыл алынды

Бишкекте жер мунапысы боюнча 486 адамдын документинде оң чечим кабыл алынды.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекемеден такташкандай, алар мунапыс боюнча иштеп жаткан комиссияга бардык тийиштүү документтерин көрсөтө алышты.

Ага ылайык, Ленин районунда 220, Свердлов районунда 134, Октябрь районунда 76 жана Биринчи Май районунда 56 кишинин жерине мунапыс берилмей болду.

Кошумчаласак, арыз кабыл алуу уланууда.