Акыркы 13 жылда республиканын туруктуу калкынын саны 1 миллион 573 миң адамга же 29 пайызга өстү.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Өткөн жылы жүргузүлгөн калкты каттоонун жыйынтыгы менен Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 6 миллион 936 миң адамды түздү.
Анын ичинде 2 миллион 408 миң адам шаарларда жашаса, 4,5 миллион айылдардын тургундары.