Кыргызстанда жашоо минимуму 6 миң 332 сом деп орнотулду

Кыргызстанда жашоо минимуму 6 миң 332 сом деп орнотулду.

 

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Андан белгилешкендей, бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 15,6 пайызга көп.

 

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. 2020-жылы ал 4 миң 900 сомду түзгөн.