Билим берүү тармагын реформалоо үчүн улуттук демилге түзүлдү

Бишкекте 28-февралда билим берүү тармагын реформалоо үчүн “Билимдүү Кыргызстан” улуттук демилгеси түзүлдү. Уюмга коомдук-саясий ишмерлер, билим берүү тармагындагы эксперттер жана мекемелер кирет.

 

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин кеңешчиси Аслан Койчиев, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, бир катар коомдук ишмерлер, саясатчылар жана билим берүү тармагындагы адистер катышты.

 

Улуттук демилгенин төрагасы, коомдук ишмер Абдывахап Нурбаев бул уюмга “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү киргенин, тармакты жакшыртуу боюнча сунуштарды берип турарын билдирди.

 

“Билим берүү тармагында Кыргызстандан дүйнөдөн эмес, жада калса Борбор Азия өлкөлөрүнөн артта калды. Алсак, 800 миң бала бакчага бара албайт. Мектепте жана жогору окуу жайларда да көйгөйлөр көп. Бул улуттук демилге жарандык коом, өкмөт жана депутаттар менен билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулап, чечим издей турган аянтча болуп берет”, — деди Нурбаев.

 

Өлкө аймагында эки жүздөн ашык мектеп авариялык абалда турат. Имарат жетишпегендиктен, окутуу үч сменде жүргүзүлгөн мектептер да бар. Билим берүү жана илим министрлигинин былтыр августтагы маалыматына ылайык, алты жашка чейинки балдардын 22,5% гана бала бакчага барат.