Кыргызстанда соңку сегиз жылда биринчи жолу рублдин сатуу курсу 1,5 сомго чейин көтөрүлдү.
Бул көрсөткүч акыркы ирет 2014-жылдын жайында катталган.
Июнь айынын башынан бери орус валютасы 20 тыйынга кымбаттады.
Улуттук банктын расмий курсу 1 сом 47 тыйын.
Ал эми долларга келсек, анын курсу туруктуу бойдон калууда.
Америка валютасы орто эсеп менен 79 сом 50 тыйындан сатып алынып, 80,5 сомдон сатылууда.