1-июлдан тарта Ысык-Көлгө Өзбекстандан автобус каттай баштайт.
Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен такташкандай, Чолпон-Ата – Ташкент каттамы күн сайын 10-сентябрга чейин аткарылат.
Жолгиренин баасы 1 миң 300 сом.
Белгилеп кетсек, 15-майдан тарта Чолпон-Ата – Алматы күнүмдүк автобусу ишке кирген.
Сезондук каттам 15-октябарга чейин жүрөт жана жолгире 1 миң 300 сомду түзөт.
Кошумчаласак, жогорудагы каттамдар пандемиядан улам убактылуу токтотулган.