Алайда селдин кесепеттери толугу менен жоюлду

Алайда селдин кесепеттери толугу менен жоюлду.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынан жабыркаган айылдардагы үйлөр, короолор жана социалдык объекттер сел калдыктарынан толук тазаланып бүттү.

Эске салсак, бир жума мурун Алай районуна караштуу Корул, Жошолу, Коңур-Дөбө жана Гүлчө айыл өкмөттөрүндө нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордо сел жүргөн.

Анын айынан жалпы район боюнча 300гө жакын турак үйдүн короолорун, анын ичинен 50дөй турак үйдүн жана 1 орто мектептин жер төлөөсүн, 3 үйдүн ичин, 1 ФАПтын жана 1 китепкананын короосун суу каптаган.