Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар массалары Бишкек-Ош, Суусамыр-Талас-Тараз, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка – Ак-Таш, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ош-Сары-Таш-Иркештам, Бишкек-Нарын-Торугарт жана Каракол-Эңилчек унаа жолдорунда түшүшү мүмкүн.
Аталган трассалар менен сапарга чыга турган айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.