Аламүдүн районунда биринчи ирет муниципалдык коомдук унаа ишке кирди

Чүй облусунун Аламүдүн районунда биринчи ирет муниципалдык

коомдук унаа ишке кирди. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү

билдирди. Ага ылайык, Өзбекстанда чыгарылган 12 техника лизингге

алынды. Унаалардын сегизи жүргүнчү ташыган автобус болсо,

калгандары атайын оор техника. Автобустар жакынкы сегиз күн

аралыгында райондун Садовое, Мыкан жана Аламүдүн айылдары менен

Бишкекти аралап каттап баштайт. Лизингге алынган техникалар айыл аймактын

муктаждыктарын жана инфраструктурасын оңдоодо колдонулат.

Муну менен жаңы 46 жумуш оруну түзүлөт.