Кыргызстан — Кытай каттамдары толугу менен токтоду.
Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирет.
Анын айтымында, 23-январдан баштап бардык каттамдарга чектөө киргизилди.
Өзгөчө көңүл «Торугарт» — «Иркечтам» бекеттерине бурулууда.
Кытай Жаңы жылга байланыштуу дайыма ушул маалда чектөө киргизет.
Бирок ал чектөө дагы күчөтүлдү. Ал жерде адамдардын кыймыл-аракети да,
өндүрүм ташып келүү да токтоду. Буга чейин Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү аба каттамы да
23-январдан 1-февралга чейин токтогон. Өкмөт башчынын айтымында,
Кыргызстандын аймагында коронавирус жугузгандар катталган жок.
Оорунун алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.