Мамлекеттик кызматтарды оңой жана ыкчам алуу үчүн уюлдук тиркеме иштелип чыгат

Мамлекеттик кызматтарды оңой жана ыкчам алуу үчүн уюлдук тиркеме иштелип чыгат. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовдун айтымында, жаңычылдыктын жардамы менен кызматтардын 14  түрүн алса болот.

 

Мисалы, паспорттун даяр болушун, жол эрежелин бузуу үчүн айыптардын бар-жоктугун, даректи каттоо, документтердин жарактуулугун текшерүү жана башкалар. Кийин уюлдук тиркемедеги кызмат көрсөтүүлөр көбөйөт.