Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекова
коло байгенин ээси болду. Кыргызстандык балбан кыз-келиндер
күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып,
мелдеште эки беттеш өткөрдү. Алгач Япониялык спортчу менен
кез келип, 6:1 эсебинде жеңилди. Тыныбекова андан кийин коло байге
үчүн күч сынашып, индиялык балбанды 11:0 эсебинде жеңип алды.