Алматыдан Ысык-Көлгө авиа каттамдардын саны көбөйтүлдү.
Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, Алматы-Тамчы-Алматы багыты боюнча каттамдар жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шейшемби, жума жана ишемби күндөрү аткарылат.