Москва районунун Ак-Башат айылында жаңы мектеп 1-сентябрга чейин ачылат

Москва районунун Ак-Башат айылында жаңы мектеп 1-сентябрга чейин ачылат. 2 кабаттуу билим берүү мекемеси окуу корпусунан жана спорт залдан турат. Ал 225 окуучуга чакталат.

 

Бүгүнкү күнгө карата курулуш 95 пайызга аяктап калды. Заманбап жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалган мектептин курулушуна 76 миллион сом бөлүнгөн.