Коронавирус менен күрөшүүгө чогулган каражат 53 миллион сомду түздү

Коронавирус инфекциясы менен курөшүүгө мамлекеттик компаниялар

тарабынан көрсөтүлгөн жалпы жардамдын суммасы 53 миллион сомду түздү.

Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Жылдызбек Исакулов билдирет.

Анын айтымында, 24 миллион сом акчалай которулган. Ал эми 29 миллион сому азык-түлүк түрүндө.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус катталгандан тартып ишкерлер,

депутаттар жана активисттер акчалай жардам көрсөтүп башташкан.