Баткенде өрттөнгөн мектеп оңдоп түзөөдөн өтөт

Баткенде өрттөнгөн мектеп оңдоп түзөөдөн өтөт.

Бүгүн премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков имаратты көрүп келди.

Ал жергиликтүү бийлик органдарына калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүнү тапшырып,

каражат бөлүү маселесинде көйгөй жаралбай турганын билдирди. Эске салсак, бүгүн таңда

билим берүү мекемесинде тилсиз жоо чыккан. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн чыгуу

себеби электр тутумдарындагы чыңалуу себеп болду. Өрттөн жабыр тарткандар катталган жок.