Бишкекте жаңы жылда коомдук унаалар түн жарымга чейин каттайт.
Бул тууралуу Novosti.kgге мэриядан билдиришти. Андан белгилешкендей,
31-декабрдан 1-январга караган түнү бардык линия боюнча автобус,
троллейбус жана маршруттук таксилер саат 1ге чейин жүргүнчүлөрдү ташыйт.
Жаңы жылдын эртеси, 1-январда коомдук унаалар жарым жартылай
ишке чыкса, 2синен тартып кадимки тартипте жүрүп баштайт.