Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Алымкадыр Бейшеналиев козголгон кылмыш ишине байланыштуу убактылуу кызматынан четтетилген.
16-августта Бейшеналиевге вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганы маалым болгон.
Учурда Cаламаттык сактоо министринин милдетин Жаркынбек Касымбеков аткарып жатат.