Президент бир катар жетекчилерди дисциплинардык жазага тартты

Президент Садыр Жапаров бир катар кызматтык адамдарга дисциплинардык жаза чараларын колдонду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, берилген тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн Унаа жана жолдор министри Осоев Эркинбек Арстанбековичке сөгүш берилди.

Ал эми “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” КР президентинин жарлыгын ишке ашыруудагы кемчиликтери үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилди:

Алтынбек Сулайманов – президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Канат Жумагазиев – Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги;

Руслан Термеев – Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл региондук башкармалыгынын башчысы.